2-апрелде маршруттук таксилер иш таштаган учурда жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук таксинин айдоочусун сабагандар кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, маршруттук таксинин айдоочусун сабагандар менен иш таштоону уюштургандардын үстүндө териштирүү иштери жүрүп жатат.
Буга чейин 2-апрелде "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Элге жардам бергиси келип үйүнө бара жаткан жолдо адамдарды салып алган айдоочуну башка айдоочулар токтотуп алышып коркутуп, сабап жатышат" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Эске салсак, 2-апрелде Бишкек шаарында эл ташыган маршруттук унаалардын айдоочулары иш ташташкан. Мындан улам борбор калаанын көчөлөрүндө жол тыгындары жаралган. Ал эми маршруттук таксилердин эскертүүсүз иш ташташына коомчулук нааразычылыгын билдиришкен.
Маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштоо жөн эле жерден жарала калган абал эмес экенин айтып, бийлик өкүлдөрүнө нааразычылыктары менен бир катар талаптарын билдиришкен. Ал эми мэриядан маршруттук такси айдоочуларынын жана эл ташуучу фирма-ишканалардын коюп жаткан талаптары аткарылбай турганын билдиришкен.