Дамирбек Асылбек уулунун ордуна Руслан Чойбеков депутат болду

Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулунун ордуна Руслан Чойбеков депутат болду. Тиешелүү чечим 16-апрелде БШКнын кезектеги отурумунда кабыл алынды.

Жыйында Асылбек уулунун мандатын "Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкерге өткөрүү боюнча талаш-тартыш жаралды. БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова Дамирбек Асылбек уулунун өкүлү жок экенин, кийин келип БШКны сотко берсе БШКнын аброю кете турганын билдирди. Ошондуктан бул маселени тактап алалы деген сунушун айтты Абдрахматова.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, тийиштүү мекемелерден документтер келгенин айтты. Жыйынтыгында Руслан Чойбековго депутаттык мандатты тапшыруу чечими кабыл алынды.

Айта кетсек, Руслан Чойбеков 1979-жылы туулган. Ал буга чейин Токмок шаарындагы камволдук-жип ийрүү фабрикасынын башчысы жана ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун агрокорпорациясына кирген ишканалардын биринде башчынын орун басары болгону белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан