Шабдан Молдокматов Кыргызстандын намысын коргоп, кыргыз улуттук бийлерин аткарды. Бул тууралуу Шабдандын апасы Ассоль Молдокматова бизге билдирди. "Азыр балам "Шаттык" бий ансамблине барат. Шабдандын талантына көрүүчүлөр баа беришти. Бул фестивалда Кыргызстандын да желеги желбиреп турду",- дейт Молдокматова. Ошондой эле Шабдан Молдокматов бий менен эле чектелип калбастан, жаштар арасындагы бокс боюнча Кыргызстандын курама командасында өлкөнүн намысын коргойт.