Аксыдагы эки мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча тергөө иши аяктап, сотко жөнөтүлдү

Аксы районунун борбору Кербен шаарында 2 мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.

"Эки мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 291-беренеси (коопсуздук эрежесин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш тергелип бүтүп, Аксы райондук сотуна жөнөтүлдү. Биринчи соттук отурум 22-апрелде болот", - деди басма сөз катчы.

Эске салсак, 10-февралда Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен 4 мугалимди сүзүп кетип, экөө каза болгон. Ал эми дарыгерлер жаракат алып ооруканага түшкөн мугалимдердин бирине операция жасалганын кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан