Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңеш палата жыйынында Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын базарларында болгон өрт кырсыктары боюнча маселени карайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 30-январында, 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарындагы "Ош базары" соода-рыноктук комплексинин аймагында жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрттөрдүн себептери жөнүндө маселе күн тартибине киргизилген.
Айта кетсек, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган.
Ушул эле күнү Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда өрт чыккан. Өрт саат 02:00 чамасында башталып, толугу менен саат 6:30 чамасында өчүрүлгөн. Күбө өрт өчүрүүчү унааларда суу жок болуп, өрттү өчүрүү үчүн эл аралашканын айткан. Ошондой эле ал "базарды бирөө атайын эле өрттөп кетти" деген оюн билдирген.