Бишкекте окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти

Бишкектеги №20-мектеп-гимназиясында окуучуну башка чапкан мугалим жумуштан кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 18-апрелде окуяны иликтеш үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ага билим берүү башкармалыгы, райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү, мектеп директору жана анын орун басары катышкан. Комиссия өкүлдөрү окуучу жана анын апасы менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Окуучунун апасы эч кандай арыз жазган эмес. Ал эми мугалим өз эрки менен арыз жазып, жумуштан кетти", - деди басма сөз кызматынан.

Эске салсак, мугалимдин окуучуну башка чапкан видеосу социалдык тармактагы баракчаларга жайылып кеткен. Аталган видео коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан. Колдонуучулар бул окуя борбор калаадагы №20-мектеп-гимназияда болгонун айтышкан. Ал эми видеону жүктөгөндөр окуучусуна кол көтөргөн эжей математика сабагынан окуткан мугалим экенин айтышкан. Ошондой эле мындай көрүнүш буга чейин да кайталанып келгенин билдиришкен.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
aerforce
2018-04-18 21:02:16
илгери классташымдын башына алгебрадан берген мугалимибиз доскага сызган циркуль менен бака койгон учу башын айрып кетип кан шыркырап агып башын жууп токтотконбуз канын ошол күнү ошол жерде унутулуп кетти азыр болсо ал мугалим соттолуп кетмек экен
+2
Majit1975
2018-04-18 21:12:40
Мени тарых агай башка урганда мурдум менен партаны сүзүп кан атып кеткен эч ким эч нерсе деген эмес далай жолу таяк жеп эле окууну бүткөнбүз
+4
Matahara1980
2018-04-19 00:52:17
Majit1975,ха ха, а бизди тарыхтан берген Аку деген агайыбыз бетибизди ойуп чымчып алчу окубай барсак, кыз бала дегенди карачы эмес, бир эки жолу бетимди ойдургандан кийин жаттап окуп бара баштагам, зато андайын жалан бешке окуп калган элем
+1
RaHat19
2018-04-18 21:28:11
баланы какус кукус кылып турбаса тарбия болбойт.Мугалимге уруксат бериш керек анан билим болот.Уйуно айтып барса ата-энеси да урушуп койсо ошондо тарбия болот.мурда уйуно айтып баргандан коркчу элек баарыбыз азыр ошол сабаган агай эжейлерди аябай сыйлайбыз.
+2
Nuraruu5
2018-04-18 21:31:50
Мугалимдердин баарын иштен алгыла өз арыздары менен!!!!Алар ушундай коомдогу жөнөкөй калк.АЛАР ЖАМАН анткени эмнени туура эмес жасасаң ошону "кой"деп каршы чыгышат,алардын айыбы оку,туура жүр деген жеринде. Эмнеге окуучулар аша чаап,аз келгенсип энелерин жетелеп келгендерге чара көрбөйсүңөр, бир түндө көзү ооруп колу талып жазган бир күндүк планына арзыбайсыңар азыркы жетекчилер. Ушул принцип мн барсак кайсыл тупикке такалабыз көрөсүңөр.Мугалимдин таягын да сагынаарсыңар
+8
Nuraruu5
2018-04-18 21:32:46
Келгиле достор бир нерсе уюштурабыз.Жок дегенде мугалимдерди моралдык жактан колдойлу
+7
bekub1473kg
2018-04-18 21:35:41
Менин колума урган суукта оруйт бармактарым эжекемди эмдигиче жаман кором уруп окууну буткучо орукчан кылат булар
-8
tynara81
2018-04-18 22:28:23
Бул баланы катуу деле урбаптыр го. Бир видео тараган эле, мугалимди окуучулар шылдыңдап, буюмдарын ала качып,бири-бирине атып келеке кылышкан. Ушинтип болбогон нерсе үчүн мугалимдерди жазалай беришсе, кудум ошо видеодогудай окуучулар көбөйөт.
+7
ainur78007
2018-04-19 00:57:14
Сабак учурунда суйлосок,ары карап доскада жазып жаткан эжеке колунадагы борду мелдебей ыргытчу,нак пешенеге келип тийет элего чиркин)))Ата энебизге айтмак тугул алар укпаса экен дечубуз.Алар укса тайактачу эмнеге эжекенди укпайсын деп.Шугур,жакшы адам болуп эле чонойдук.
+3
Nestana95
2018-04-19 02:14:24
Ошончого жеткиребиз го негизи окуучу кундо..эркек балдар эмес...кыз болуп мен озумду эле айтайын....кыздардын айынан класс жетекчибиз ыйлаган куну болгон алы келбей....азыр рахмат эжелерибизге.......озумдун мамам да мугалим болуп иштейт......мугалимдин оор ишин беш колдой билип буттум.....кээде мамам деле таштап салгысы келет жумушун...кесибин жакшы коргон учун игтеп келет....окуучулар акылга сыйбаган ишти кылат....мамам озумдун синдимди окуткан убакта уйдон канча жолу урушту...тынч отурбайт деп
+3
PROS
2018-04-19 07:06:57
Мен мугалим тараптамын, азыркы жаштарда улууну урматтап - сыйлагандар өтө аз кездешет. Акыл айткан адамды жаман көрүшөт "тимеле умник" болуп кетет деп. Тарбияны үйдөн башташыбыз керек, мугалим урса мага айтып кел дебей!!!
+2
HanTegin
2018-04-19 09:07:30
Мугалимдер жонундо бир анекдот бар го. " Жогору жактагылар "Бул мугалимдер эмне айтса да макул боло берген калк болот экен,бир сынап королу"-деп анан бардык мугалимдерди чогултуп айтышат: Эртен баарын аянтка келгиле, асабыз,-деп. Баары макул болуп унчукпай кетип баратса, бироо кол которот дейт. " И наконец то бироо каршы чыккан жатат" деп ойлонуп, "айт" десе, тиги мугалим"жипти озубуз алып келебизби же силер бересинерби?" деп коет дейт.
Анын сы
+1
HanTegin
2018-04-19 09:10:43
HanTegin, анын сынарындай мугалимдердин армиясы чон аябай. Толкуса катуу толкуйт. Просто гумандуу болушат да. Болбосо шайлоо, всеобуч,парад,майрамдар мугалимдерсиз бутпойт да
+1
007aym
2018-04-19 10:35:18
Азыркы ата-энелер чегинен ашып анкылдап кетишет. Мугалим тарбиялайт тарбиялашы керек. Билбесе, нервине тийсе какыс-кукус кылып койсо эчтеке болбойт. Балдарынарды эрке-талтан остуруп алып анан алар окуйбай атышса мугалимдин да жини келет да. Бир таяктан майып болуп калмак беле. Илгери бизди урушса ата-энебизге арыздангандан уялчубуз.Демек сабакты билбей жатам куноом бар деп сестенип. Азыркылар кол тийбес, апасы болушчаактын баласы ыйлаак дегендей. Ушинтип улбуроп тарбия коргондор турмуштун анча-<
0
007aym
2018-04-19 10:36:08
мынча соккусун которо албай суицидге барышат. Бул жерде ата-энеси куноолуу. Мугалимдин мээнети текке кетиптир кайран.
+1
patiydin
2018-04-19 11:23:01
Урматтуу окурмандар! Эстегиле кайсыл мугалим УРАТ. Ал билими бар ушул окуучуга билим берейин Дейт. А Эми силерди айткылачы мугалимден токмок жебегенмин деп.
0
patiydin
2018-04-19 14:12:13
Токмок жегендер азыр сон иштерде иштейт. Жебеген дерди карагылачы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан