Социалдык тармактарга мугалимдин окуучуну башка чапкан видеосу жайылып, учурда коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда.
Колдонуучулар бул окуя борбор калаадагы №20-мектеп-гимназияда болгонун жазышууда. Ал эми видеону жүктөгөндөр мугалим математика сабагынан окутканын, бул көрүнүш буга чейин да кайталанып келгенин билдиришкен.
"Мен №20-мектеп-гимназиянын окуучусумун. Бул видеодо мугалим окуучуну жемелеп уруп жатканын көрүүгө болот жана бул мугалим буга чейин да ушундай кылып келген. Бул көрүнүш ар бир сабакта кайталанат, болгон үнү менен кыйкырып, окуучуларга кол көтөрүп коркутат. Гимназиянын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары мугалимдин бул жоругун орунсуз деп санабайт. Анткени тажрыйбалуу башка мугалимди табуу кыйын болсо керек", - деген билдирүүнү өзүн аталган билим берүү мекемесинин окуучусумун деп тааныштырган колдонуучу калтырган.
Социалдык тармактагы билдирүүлөрдөн:
- "Окубаса туура кылат";
- "Бул видео абалдын бир эле бөлүгү, тагыраак айтканда, ошол урган жери эле кесип алынган. Ушул учурду баштан аяк билип көрүү керек, балким, окуучуда да күнөө бар";
- "Мугалим болуу үчүн "темирдей нерв" керек. Эмгеги зор. Бирок урбаш керек болчу";
- "Эч нерсе болбойт, бизди деле толтура жолу урушкан".