КҮНСЕРЕП: Армян эли бийликти жеңди

Бүгүн, 23-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Арменияда экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына каршы митингдер 1 жумадан бери уланууда. Бүгүн митингге чыккандар өлкөнү Грузия менен байланыштырган жолду жаап салышты. Эл 10 жыл бою президент катары өлкөнү башкарып, 2015-жылы Конституцияны өзгөртүү аркылуу премьер-министрдин бийлигин күчөтүп, анан премьерлик кызматка келген Серж Саргсяндын аракеттерине каршы чыгууда.

Армениядагы массалык толкундоолордун кыскача таржымалын 2015-жылдан баштаса болот.

2015-жылы декабрда Армения Конституциялык реформага барып, өлкө парламенттик башкаруу жолун тандаган. Жаӊыча башкарууга Армения толугу менен 2018-жылы өттү. Ага ылайык, өлкөдө премьердин ыйгарым укуктары күчөп, президенттин бийлиги кыскарды. Президент 5 жылга эл тарабынан эмес, эми 7 жылга парламенттен шайланууга тийиш. Ушул жылы 2-мартта Армениянын парламенти президенттикке Армен Саркисянды, ал эми 17-апрелде экс-президент Серж Саргсянды премьер-министр кылып шайлады. Саргсянды жаӊы кызматка парламентте көпчүлүктү түзгөн "Армения республикалык партиясы" фракциясы сунуштады. Серж Саргсян - 2007-жылдан бери аталган партиянын лидери.

10 күндөн бери Арменияда Саргсяндын премьерликке барышына каршы миӊдеген жарандар катышкан нааразычылык акциялары өтүүдө. Митингге чыккандар "Саргсян отставкага кетсин", "Убактылуу өкмөт түзүлүп, парламент премьерликке элдин арасынан чыккан талапкерди шайласын" деген талаптарды айтышууда. Армения оппозициясынын лидери, парламент депутаты Никол Пашинян өлкөдө революциялык кырдаал түзүлгөнүн, Саргсяндын көтөрүлгөн элге бийлиги өтпөй калганын жарыялоодо. 22-апрелде журналисттердин алдында Серж Саргсян менен Пашинян жолугушуп, сүйлөшүү 3 гана мүнөткө созулду. Саргсян "диалогго келүү чакырыктарынан кийин жолугушууга макул болгон" Пашинянга ыраазычылык билдирди эле, Пашинян "кеп диалог жөнүндө эмес, сиздин отставкаӊыз тууралуу гана болууда" деди. Экс-президент оппозиция лидеринин бул билдирүүсүн шантаж деп атап, мындай тондо сүйлөшүү мүмкүн эместигин айтып, аны мыйзамдуу талаага кайтууга чакырды. Пашинян Саргсянды ультиматум тили менен сүйлөбөөгө чакырып, бийлик элдин колуна өтүп кеткенин эскертти. Бул сөздөн кийин Саргсян залдан чыгып кетти. Бир нече сааттан кийин Пашинянды полиция кармап кетип, түштөн кийин кайра бошотту.

Еревандагы элдик толкундоолорду Украиналык "Майданга" окшоштуруулар, бул толкундоолордон Батыштын, Американын же Орусиянын таасирин табууга аракет кылгандар болууда. Жергиликтүү саясат таануучу Степан Григорян маселе Батыш же Чыгышта эмес, өлкөдөгү ички абалда, гүлдөп-өнүгүп кеткен коррупцияда, үй-бүлөлүк башкарууда экенин айтат. Анын айтымында эл башка өлкөнүн "десанттарынын" таасири менен эмес, бийликтин жогорудагы жоруктарынан тажап, Саргсяндын отставкасын талап кылып көчөгө чыкты. Бүгүн Саргсян отставкага кетүүгө аргасыз болду. Ошентип армян эли конституциялык укугун пайдалануу менен бир адамдын узак убакытка созулушу мүмкүн болгон бийлигин токтотту.

Саргсяндын сценарийи Кыргыз жеринде да орун алышы мүмкүн беле? Ооба, мүмкүн болчу. 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Кыргыз жеринде президенттик, өкмөт башчылык жана Жогорку Кеӊештин төрагалыгы бир партиянын колунда эле. Ал эле эмес, УКМК, Башкы прокуратура, Жогорку Сот өңдүү органдардын башчылары да өлкө президенти тарабынан кызматка сунушталган, ишенимдүү кадрлары болчу.

Бирок бул систем узакка жашай алган жок. КСДПнын атынан Алмазбек Атамбаевдин жолун улантуучу катары талапкер болуп чыгып шайлоодо жеӊген президент Сооронбай Жээнбеков акыркы 1 айда бийликтин таасирдүү бутактарын экс-президенттин кадрларынан "тазалады". Фарид Ниязов президенттин аппарат башчылыгынан, Дамир Мусакеев УКМКнын 9-бөлүмүнүн жетекчилигинен, Абдил Сегизбаев УКМК төрагасы кызматынан, Болот Сүйүмбаев УКМК төрагасынын орун басары кызматынан, Индира Жолдубаева баш прокурорлуктан кетти. Президентке бул "тазалоодо" парламент өзгөчө колдоо берди.

Учурда КСДП партиясы жарым-жартылай бийликтен сыртка сүрүлүп калды. КСДП фракциясы партияга, анын жетекчилигине толук көз каранды болбогон шартта парламентте ишин улантууда. Жогорудагы "тазалоо" болбогондо парламент депутаттары армениялык кесиптештери сыяктуу экс-президентти өкмөт башчылыкка шайлап калуулары мүмкүн болчу...

Жаӊы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Сапар Исаков сыяктуу эле өкмөт башчынын кортежи үчүн көчөлөрдү жабуудан баш тартты. Маалыматты өкмөттүк аппарат тастыктады. 21-апрелде Абылгазиев УКМКнын жаӊы төрагасы Идрис Кадыркуловго ашыкча сакчыларды жана коштоп жүрүүчүлөрдү алып салууну тапшырган. 2017-жылы декабрда президент Сооронбай Жээнбеков да президенттик кортеж үчүн жолду толук жабуудан баш тарткан. Азыркы тапта айдоочулар президент ишке жөнөгөн же иштен кайткан маалда Бишкектин Манас проспектисинин бир тарабы менен жүрө алышат.

8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында Жээнбеков укук коргоо органдарынын башчыларынын жан сакчылар менен жүрүшүн сынга алып: "Өзүӊөр жан сакчы менен жүрүп элди кантип коргойсуӊар? Өзүӊөр таза эмессиӊер, ошондуктан жан сакчылар менен жүрөсүӊөр", - деген эле. Сапар Исаков өкмөт башчылыкка жаӊы дайындалганда өкмөттүк кортежди МАИ кызматынын коштоп жүрүүсүнөн баш тарткан. Айта кетсек, өлкө жетекчилиги мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынан Манас, Чүй проспекттери менен ишке катташат. Мурда алардын кортежи өтүп жаткан маалда Манас жана Чүй көчөлөрү менен кесилишкен башка көчөлөр да толук жабылат эле. Бул жумушка, окууга, атүгүл ооруканага шашып бараткан шаардыктарга ыӊгайсыздык жаратып, дайыма сынга алынчу. Жарандар бул көрүнүштү жоюуну, өлкө жетекчилерин ишке эрте өтүүнү талап кылып келишкен. Өлкө жетекчилеринин элдин пикирин эске алып, ашыкча сактанбай, жөнөкөйлүккө бет алганы жакшы көрүнүш...

Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттык комиссиясы борбор шаарда 84 гектар жердин ижарага берилишин иликтөөгө алат. Маалыматты шаардык кеӊештин экс-төрагасы Канатбек Мүзүралиев ("Республика-Ата Журт") билдирди. Депутат Бишкекте ижарага берилип жаткан жерлерди аукцион аркылуу сатуу сунушталып жатканын айтат.

Буга чейин Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангулов акыркы 2 жылда Бишкекте 84 гектар жер 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берилип кеткенин, бюджетке 1 тыйын түшпөгөнүн, жеке компаниялар ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатканын, демек 5 жылдан соң ал жерлер шаардын карамагына кайтпай каларын айтып чыккан. 17-апрелде парламентте Бишкек мэри Албек Ибраимов анын тушунда 6 гектар гана жер ижарага берилгенин, калганы мурдагы шаар бийлигинин тушунда берилип кеткенин айткан. Шаарды Ибраимовго чейин КСДПнын кадрлары Иса Өмүркулов жана Кубанычбек Кулматов жетектеген. Өмүркуловго Дайыр Асанов атындагы "Жеӊиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо мыйзам бузган деп айып тагылып, убагында кылмыш иши ачылган. Убагында ушундай "мыйзам бузуулардын" негизинде сейил бактардын аймагына ири ресторан жана башкалар түшкөнү белгилүү. Бирок сот Өмүркуловду бул иш боюнча актаган. 7-мартта Жогорку Кеӊештин депутаттары Таабалды Тиллаев менен Мирлан Жээнчороев (РАЖ) Бишкекте Манас кең көчөсүнүн жогору жагындагы Акаев, Бакиевдин тушунан бери сатылбай келген 5 гектар жер курчалып, курулуш башталып кеткенин айтып чыгышкан. Жээнчороев аталган тилке Ак Үйдү көчүрүүгө каралган жер экенин, ал жердин эмне үчүн таланып-тонолуп жатканын изилдөө зарылдыгын билдирген. 2016-жылы Албек Ибраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге саткан Кой-Таштагы 2,7 гектар жер тилкеси боюнча да жаӊжал чыккан.

Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматына таянсак, 2015-жылы тапшырган декларациясы боюнча Ибраимовдун 29 жер тилкеси бар. Мэрден кагуу жеп, бирок каяша айтууга жарабай келе жаткан шаардык кеӊеш демилге көтөрүп чыкканына караганда "тазалоо" кезеги мэр Албек Ибраимовго жеткен өӊдүү...

Окуучулар мектепке смартфон көтөрүп барбасын. Жогорку Кеӊештин депутаты Махабат Мавлянованын ушундай токтом долбоору тийиштүү комитетте каралды.

Долбоорго ылайык, интернет, фото жана видеокамера менен жабдылган уюлдук телефондорду мектептин аймагында пайдаланууга тыюу салынат. Ал эми сүрөт, видео тартуу функциясы жок телефондорду колдонууга уруксат. Депутаттын ою боюнча смартфондор окуучуларды алаксытат, жөнөкөй телефондор анча алаксытпайт. Колдонуудан чыгып бара жаткан фото, видео камералар менен жабдылбаган телефондорду табуу кыйынга турарын депутат элес албаган өңдөнөт.

Смартфондор балдарды алаксытары анык. Бирок мектептердеги баш-аламандык, тартип бузуу, мыйзам бузуулардын бетин ачууда мындай телефондор ишке жарарын да унутпоо зарыл.

Депутат Мавлянова токтом долбооруна окуучу кыздар кыска юбка, көзгө урунган макияж жана узун тырмактуу маникюр менен сабакка киргизилбесин деп жазууда. Ал эми балдарга жыртык жынсы, футболкалар менен сабакка кирүүсүнө жол берилбейт. 2014-жылы Билим берүү министрлиги милдеттүү түрдө мектеп окуучуларын окшош формага өткөрүүнү демилгелеп, сынак аркылуу бирдиктүү форманын үлгүсү да тандалган. Бирок окшош форманын баасы кымбат болуп, ата-энелер тараптан нааразылар көп чыкты. Айтор, мектептеги чар-жайыт формага ыӊгайлуу альтернатива сунуштай алган жок. 2015-жылы бул аракет токтотулуп, элдин эсинде өкмөттүн ийгиликсиз долбоору катары калды...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан