Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөттү. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов саясий тирештен улам мындай чечим кабыл алынганын айтты.
“Бүгүнкү саясий кырдаал өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө алып келди. Азыр мамлекеттин жашоо-турмушу, туруктуулугу турат. Азыр президент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы тирешүүгө Жогорку Кеңеш позициябызды билдирбесек, туура эмес болмок. Эгер биринчиси кызматтан кетирген адамды экинчиси кайра кызматка дайындап турса эртең кандай болот? Мен эч кимге каршылыгым жок, бирок ошондой тирешүү саясатына каршымын. Ошондуктан бүгүн өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү колдодум”, - деди Өмүркулов.
Айта кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын башчысынын орун басарлыгынан кетирген Болот Сүйүмбаевди премьер-министр Сапар Исаков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) башчысы кылып дайындаган.