"Парламенттеги коалиция кеңейиши мүмкүн" дейт Өмүркулов

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөттү. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов учурда өкмөт башчылыкка талапкер бекитүү боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бул маселе бүгүн түштөн кийин каралышы мүмкүн экенин айтты.

“Азыр коалиция тараган жок. Эми премьер-министрликке талапкер чыгаруу боюнча сунуш берилет. Биз, көпчүлүк коалиция өз талапкерибизди сунуштайбыз. Балким, түштөн кийин өкмөт башчылыкка талапкерди сунуш кылып калабыз. Коалициянын курамы кеңейиши мүмкүн, бирок бул маселе азыр карала элек”, - деди Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан