Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоонун биринчи этабына капсула салынды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара "Аймактык экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында өттү. Ага маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Мадаминов реконструкциялоо тарыхый-маданий мурастарды сактоого, кийинки муундарга жеткирүүгө жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Иш-чарада долбоордун координатору Шайлообек Арынов Сулайман-Тоо музей комплексин жана Өзгөндөгү мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун жаңылоо боюнча иштер тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, Сулайман-Тоо Кыргызстандан ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген алгачкы объект болуп саналат. Реконструкциялоо музейдин инфраструктурасын жакшыртууга жана аймактын туристтик жагымдуулугун арттырууга багытталган.