Сауд Арабиясында коопсуздук кырдаалы курчуп, өлкөнүн борбору Эр-Риядда жана Мекке аймагында ракеталык чабуулдарга байланыштуу окуялар катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрда Эр-Рияд шаарындагы бизнес борборлордун бирине жасалган чабуулдан 11 адам жаракат алган. Бул бир жуманын ичинде өлкөгө жасалган экинчи чабуул болду.
"Өлкөнүн коргонуу кызматы кол салууга Йемендеги хуситтердин "Ансар Аллах" кыймылынын тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок кыймыл азырынча жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Ошондой эле Сауд Арабиясынын абадан коргонуу күчтөрү Йеменден учурулган эки баллистикалык ракетаны жок кылгандан кийин, алардын калдыктары Меккеге жакын жайгашкан аймактарга түшкөн. Расмий маалымат боюнча, бул окуяда жабыркагандар болгон эмес", - деп кошумчалады басылмалар.
Соңку окуялар Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалына тынчсызданууну күчөтүүдө. Өлкөнүн бийлиги стратегиялык жана жарандык объектилерди коргоо чараларын күчөтүп жатканы белгилүү болду.