Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирди

Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирди. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, премьер-министр, вице-премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү кызматтарын ээлеген адамдар жаңы өкмөттүн курамы түзүлмөйүнчө милдеттерин аткарып турушат. Жарлык кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.

Айта кетсек, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алган. Учурда премьер-министрлик кызматка үч талапкердин аттары аталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан