"Эч ким тааныбагандай болуп кийинип алып эл аралайм" дейт шаар мэри Албек Ибраимов

19-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "Ош базарында" товарлары менен кошо соода орундары өрттөнүп кеткен жарандарды кабыл алган соң "Ош базарына" барды. Албек Ибраимов базарда жабыр тарткан сатуучулар менен жолугуп, аларга тез арада маселени чечип берерин айтып, убада берди.

"Биз сатуучулардын бүгүнкү күндөгү абалы менен тааныштык. Мен эч ким тааныбагандай кийинип алып эл аралап тапшырма кандай аткарылып жаткандыгынан кабар алып турам. Менин жүрүп жаткан иштер боюнча кабарым жок деп ойлобогула. Жабыр тарткандардын талаптарын уктук жана аларга жумуш ордун калыбына келтирип, чыгымдарга компенсация төлөп, насыя алгандарга жеңилдиктерди бере турганыбызды убадаладык", - деп айтты Ибраимов.

Айта кетсек, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:50 чамасында өрт чыккан.
Анда базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. ӨКМ алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
taimanbas
2018-04-19 14:30:24
сапар исаков кетти бул да коркуп эл кыдырып иштемиш болуп жатса керекда жагалданып . тим эле эл тааныбагандай дептирго бул ХХХХХХХХ кимдер тааныбай калмак өзүнө үй салдыргандан көрө элге жардам бербейби дварец кылып салдырып жатат го
+5
altyn7776
2018-04-19 14:30:50
Албек коррупционер кетчи. Же дагы ондогон миллион сомдук жерлерин барбы ажолорго сата турган? Андай пара ала турган бийлик жок, кет АШАнын артынан. Арты таза адам келсин!
+6
Topchu83
2018-04-19 14:31:25
башкача кийинбей эле ачык барып текшерсе болбойбу же бироодон коркобу жашынып
+5
Topchu83
2018-04-19 14:33:43
президент охранасыз эле эл менен журот самолетто ошко озу барды бишкектин мэрин ондой адам кооруп журотко
+3
Kamchy-bek
2018-04-19 14:51:22
Паранжа эле кийип чыкпаса, таанып коёбуз....
+10
Guliza85
2018-04-20 08:43:44
Kamchy-bek,боорду эздинер го))
0
erkinali858585
2018-04-19 16:03:50
Озуну Сулайман султан сезип алганго байкушум.
+6
amirrus
2018-04-19 16:21:21
Албеке алтын токум таксан деле Албек да ...
+3
Nevestkaa
2018-04-19 16:27:50
Шапкеми ылдый кылып элди аралайм дебептирсиз биротоло эле.
+5
Дарыгер
2018-04-19 18:06:50
Алдымдан удостоверение менен чыксан деле тааныбайм )))
+2
Kyrgyz-aiym
2018-04-19 23:24:04
карапайым калк оз арабасын озу. тартып журот кычырап кийинип мен мермин десе деле карашпайт болуш керек себеби элдин тиричилиги оз башында чондордон умут кылбай калганбыз
+2
tilek121277
2018-04-20 07:54:57
каяктагы жомокту айтып атат таразачы ХХХХХХ
+1
Bars88
2018-04-20 07:57:04
Умар халифтей болуп кетиптирго
0
PROS
2018-04-20 09:33:54
Кыргызда жакшы сөз бар, "эшекке килем жапсаң деле эшек бойдон калат" деген. Анын сыңарындай Албек аксакал эч кимге таанылбай кыдырсаң деле результат көрсөтө албайсың, сенин ким экениңди 9000 сомдук көчөттөр эле айтып турат! Жакшысы ордуңду бошот эми иштей турган азаматтарга!
+2
aisyrga88
2018-04-20 15:37:36
Оо Сулейман султанго
0
alikgz
2018-04-20 23:16:28
Эл Албек экенин билсе эмне болот экен?????
Куйдуруп кулдуротко бул.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан