Кытай бийлиги Альцгеймер оорусу менен күрөшүү боюнча ири масштабдагы кампания баштаганын South China Morning Post басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 2050-жылга карата өлкөдө деменция “эс-акылдын начарлашы” менен жабыркагандардын саны 115 миллионго жетиши мүмкүн. Бул болсо ар бир онунчу жаран ушул дартка кабылышы ыктымал экенин көрсөтөт. Деменциянын негизги себептеринин бири – Альцгеймер оорусу.
Акыркы 30 жыл ичинде Кытайда бул оору менен ооругандардын саны үч эсеге көбөйгөн. Ушундан улам өлкө илимий мекемелерди, биотехнологиялык компанияларды жана адистерди бириктирип, жаңы дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууга киришти.
Март айынын соңунда Бээжинде Альцгеймерге каршы жаңы биологиялык дарыларды иштеп чыгуу боюнча улуттук долбоор расмий түрдө ишке киргизилди. Анын алкагында төрт жаңы оригиналдуу препарат түзүү пландалууда.
Ошондой эле кытайлык окумуштуулар дарыны организмге көз тамчылары аркылуу жеткирүү технологиясын изилдеп жатышат. Бул ыкма келечекте Альцгеймерди дарылоодо колдонулушу мүмкүн.