Түркиянын Трабзон шаарында өткөн бокс турнири чыр-чатак менен аяктады. Анда мелдеш учурунда көрүүчүлөр рингге чыгып, массалык мушташ уюштурушту. Бул тууралуу түрк басылмалары билдиришти.
Окуя орусиялык мушкер Сергей Горохов менен түркиялык мушкер Эмирхан Калкан ортосундагы дүйнө чемпиондугу үчүн болгон беттештен кийин болгон. Анда жеңишке жеткен Горохов кубанычын билдирип жаткан учурда айрым көрүүчүлөр нааразы болуп, рингге чуркап чыгышкан.
Натыйжада ондогон адамдар мушташка аралашып, ринг тарапка бөтөлкө, отургучтарды ыргытышкан.
Учурда бул окуя боюнча териштирүү башталып, видеокөзөмөл жана күбөлөрдүн материалдары аркылуу катышкандар аныкталып жатканы кабарланды.