КҮНСЕРЕП: Коалиция өкмөттү кетирип, өзүн сактап калды

Бүгүн, 19-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламентте "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү демилгелеп чыкты. Оппозициялык топтун бул сунушун башкаруучу коалициядагы КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков жетектеген Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин регламенти комитети саналуу мүнөттөрдүн ичинде карап, колдоп берди. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө комитеттин токтом долбоорун жалпы жыйында 102 депутат колдоого алды. 4 депутат каршы чыкты: КСДПдан Дастан Бекешев, Мурадыл Мадеминов, Данияр Аттокуров жана РАЖдан Руслан Казакбаев.

Ошентип, бул жолу оппозициянын демилгеси токтоосуз өттү. Убагында Жогорку Кеӊеште оппозицияга кандай мамиле жасалып жүргөнү белгилүү. Мисалы, 2015-жылы жаӊы иш баштаган азыркы Жогорку Кеӊеште 28 депутаты бар РАЖдын энчисине бир дагы комитет төрагалыгы тийбей калган. Буга нааразы болгон Өмүрбек Бабанов КСДПны сындап, депутаттары менен кошо залдан чыгып кеткен. 2017-жылы Өмүрбек Текебаевге күмөндүү күбөнүн көрсөтмөсү менен кылмыш иши ачылып, "ата мекенчилер" Текебаевдин кармалышы боюнча парламент реакция жасашы керек деп чыкканда да коалиция былк эткен эмес. Садыр Жапаров СИЗОдо кескиленип, денеси канга чыланган окуядан кийин парламентте Бакыт Төрөбаев Жапаров 2 жолку парламент депутаты экенин, аны №1-СИЗОдо кылмышкерлер менен бирге кармоо туура эместигин айтып чыгып, Жапаровду УКМКнын тергөө абагына которууну сунуштаганда, коалициядагы депутаттар үн катпай коюшкан. Бүгүн оппозициянын сунушу, болгондо да башкаруучу коалиция түзгөн өкмөттү таратуу сунушу заматта колдоо тапты.

Өткөн аптада КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча премьер Сапар Исаковдун отчётун "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен", РАЖ жана "Өнүгүү" "канааттандырарлык эмес" деп тапкан. Иса Өмүркулов башкаруучу коалициянын өкмөттү кетирүүнү эмне үчүн колдогонун айтып берди. Акыркы күндөрү депутаттарга ар кандай телефон чалуулар болуп, каттар келе баштаганын, президент менен премьердин ортосунда тиреш күч алганын, ушундай кырдаалда өлкөнүн тынчтыгы үчүн коалиция оппозицияны колдоону туура көргөнүн билдирди. Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрелде кызматтан алган УКМК төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаевди премьер Сапар Исаков 9 күндөн кийин Финполдун жетекчиси кылып дайындаган эле.

Эгемендүү Кыргыз тарыхында экинчи жолу өкмөт Жогорку Кеӊеш ишеним көрсөтпөгөнү үчүн отставкага кетти. Мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов 1993-жылы легендарлуу парламент Турсунбек Чыңгышевдин өкмөтүн ишеним көрсөтпөө менен отставкага кетиргенин айтат. 2010-жылдан бери 7 жолу өкмөт алмашты, ар бир премьер ар түрдүү негизде кызматтан кетти. 2011-жылы премьер Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер болуп чыкканы үчүн убактылуу кызматтан кетип, өлкө башчысы болуп шайланган. Андан кийинки премьер Өмүрбек Бабанов 2012-жылы "Ата Мекен" фракциясынын "Бабанов түркиялык жарандан пара катары кымбат баалуу аргымак алды" деп коалициялык көпчүлүктөн чыгып кеткен соӊ отставкага кеткен. Жантөрө Сатыбалдиев да 2014-жылы "Ата Мекендин" коалицияны таркатып жиберүүсүнөн улам кызматтан кетти. Сатыбалдиевден кийинки премьер Жоомарт Оторбаев 2015-жылы өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Темир Сариев 2016-жылы Балыкчы-Корумду жолун курууга байланышкан тендер жаӊжалынан кийин кызматтан кетүүнү чечкен. Сооронбай Жээнбеков премьерликти 2017-жылы президенттикке талапкер болуп чыкканы үчүн тапшырып берген. Бүгүн Сапар Исаков Жогорку Кеӊеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алганына байланыштуу президенттин жарлыгы менен отставкага узатылды.

Парламенттин чечиминен кийин 3 сааттын ичинде президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирүү жөнүндө жарлык чыгарды. Кечке чейин РАЖ коалициянын курамына кирип, КСДП фракциясы премьерликке сунушталган Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин жактырууга үлгүрдү. 2016-жылы Өмүрбек Текебаев Конституцияны өзгөртүү сунушуна парламентте каршы билдирүү жасап, анда парламентте президентти катыштырбай туруп өкмөт түзүү укугу бар экенин эскерткен эле. Бүгүн "Өнүгүүнүн" депутаты Исхак Масалиев КСДПны киргизбей жаӊы коалиция түзүүнү сунуштап, колдогон депутаттар болгон жок. Иса Өмүркулов өкмөт ишеним көрсөтпөө жолу менен кеткени үчүн бул жолу коалиция тарабай турганын айтты. Абылгазиев - учурда президенттик аппараттын башчысы, анын талапкерлигин коалиция сунуштады. Эртеӊ Жогорку Кеӊеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаӊы өкмөттү шайлаганы жатат. Демейде 5-10 күнгө созулуп кетчү өкмөт алмаштыруу иши бул жолу чагылгандай тездикте жүрүүдө...

Жогорку Cот мурдагы депутат Чолпон Жакуповага салынган 3 миллион сом айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн кайрадан карап чыгууга райондук сотко жиберди. 3 миллион сом айып - Жакупованы сот 2017-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп тапканы үчүн илинген. Жакупова акчаны дароо төлөй албасын айтып, аны бөлүп төлөөнү суранган. Өтүнүчтү Октябрь райондук соту четке каккан эле. Бишкек шаардык соту да өтүнүчтү канааттандырган эмес. Жогорку Сот Жакупованы актаган жок, болгону анын өтүнүчү боюнча биринчи инстанциядагы чечимди күчүндө калтырбай, артка кайтарганы жылуу пикирлерди жаратты.

16-апрелде президент Сооронбай Жээнбековго 5 миллион сом доого жыгылган журналист Кабай Карабеков өлкө башчыдан кечирим сурап, жазган макаласы төгүн экенин моюнга алды. Ушундан кийин Жээнбеков 5 миллиондук доодон баш тартты. Макаланы төгүндөөдөн кийин авторду кечирүү өлкө турмушунда көп эле кездешчү көрүнүш. Ага карабай бул окуя президенттин өзү башкарган өлкөдөгү жарандарга карата айкөлдүгү, эрдиги катары кабылданды. Айтор, учурда кыбыр эткен позитивдүү окуянын баары Жээнбековдун пайдасына иштөөдө...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан