"Республика-Ата Журт" фракциясы парламенттик коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн "Республика-Ата Журт" кезексиз жыйынын өткөрдү. Анда коалициялык көпчүлүккө кирүү маселеси каралып, фракция мүчөлөрү муну бир добуштан колдошту.
Айта кетсек, азыркы көпчүлүк коалициясына КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" кирет. Ал эми парламенттик оппозиция "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракцияларынан турат.