Иса Өмүркулов эмне үчүн парламенттик коалиция тарабаганын айтып берди

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өкмөттү кетирүүдө Жогорку Кеңеш, анын ичинде көпчүлүк коалициясы жооптуу болгонун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-апрелде парламенттик трибунадан депутаттарга кайрылып сүйлөдү.

“Бул жерде КСДП фракциясы башында турган көпчүлүк коалициясы бар. Бул коалиция түзүлүп көптөн бери иш алып келдик. Ушул коалиция азыркы кеткен өкмөттү колдогон. Бул жерде ар бир көпчүлүк коалициянын мүчөлөрүнүн укуктары бирдей", - деди Өмүркулов.

Андан соң ал "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиевдин "КСДП өкмөттү коргош керек болчу" деп айтканына жооп кылып төмөнкүнү айтты.

"Коалициялык көпчүлүк өкмөттүн курамын түзүп бекитсе, ал өкмөткө ишеним көрсөтпөйт деп кайсы жерде жазылган? Баары бир көрүп жатабыз, бүгүн ар бирибизге каттар келип, телефон чалуулар болуп жатат. Мына ушундай кырдаалда биз өз позициябызды көрсөтпөсөк болбойт.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөй аны кетирип жатабыз. Ошондуктан коалиция тараган жок. Ким кошула турган болсо, кошулуу жөнүндө сунушту карайбыз. Ал эми коалицияда да бизде жоопкерчилик чоң. Биз өкмөттү кетирип, жоопкерчилик алып жатабыз. Ошондуктан кийинки өкмөттү сапаттуу кадрлардан шайлайлы. Коррупциялык көрүнүштөрдү ЖЭБдин мисалында көрүп жатасыздар, бөлөк маселелерди көрүп жатасыздар. Бүгүн 1-топтогу майыптар 3 миң сом алат. Ошолордун убалынан эмнеге коркушпайт? Ошолорду карап жаткан ата-энелерине 400 миллион сом таппай койгон өкмөт. Ким жооп бериш керек. Биз шайладык деп өкмөттүн көзүн карап отуралыбы? Ошондуктан биздин чечим ушундай болду”, - деди Өмүркулов.

Айта кетсек, бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Президент бул чечимди колдоп, өкмөттү отставкага кетирген. Ошондой эле "Республика-Ата Журт" көпчүлүк коалициясына киргени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан