Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары көпчүлүк коалициясына кирбейт. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
“Өкмөттүн жаңы курамын жаңы келе турган премьер-министр сунуштайт. “Ата Мекен” коалициялык көпчүлүккө кирбейбиз. Биз оппозицияда калабыз”, - деди ал.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу да ал мүчө болгон фракция КСДП менен бир коалицияга кирбей турганын билдирди. “Биз КСДП менен коалицияга кирбейбиз. Эгер КСДП коалициялык көпчүлүктөн чыгып кетсе, анда бул маселени ойлонуп көрөбүз”, - деди Жунус уулу.
Айта кетсек, бүгүн, 19-апрелде "Республика-Ата Журт" фракциясы көпчүлүк коалициясына кошулуп, КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" менен өкмөттүн курамын бирге түзмөкчү.