Канат Азиз: "Сапар Исаков башкалардай экс-премьер-министр макамын колдоно албайт"

Сапар Исаков экс-премьер-министр деген макамды колдоно албайт. Бул тууралуу 19-апрелде SUPER.KG порталына депутат Исхак Масалиев билдирди.

“Буга чейинки өкмөт башчылары экс-премьер-министр деген статусту колдонушу мүмкүн. Ал эми Исаков мындан ары экс-премьер-министр деген макамды өзүнө колдоно албайт. Ал эми саясий чөйрөдө муну жөнөкөй тил менен айтканда, жумушчуну иштен берене менен кетирүүгө салыштырса болот. Анткени ага ишенбөөчүлүк болуп жатат. Бул "жакшы иштей албады" деген баа. Бир кезде Раим Матраимовду ишенбөөчүлүк көрсөтүп, жумуштан кетирбеди беле? Убагы келгенде бул өзүнө да кайтып келди”, - деди Масалиев.

Сапар Исаков экс-премьер-министр статусун ала албай турганын SUPER.KG`ге саясий илимдердин доктору Канат Азиз тастыктады. “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамы бар. Анда 23-беренеде жазылып турат. Эгерде өкмөт Конституциянын нормаларын бузбаса, Жогорку Кеңеш жактан ишенбөөчүлүк көрсөтүлбөсө, экс-премьер-министр деген макамга укук берилет деген норма бар. Азыр ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү, демек Сапар Исаковго экс-премьер-министр статусу берилбейт”, - деди Канат Азиз.

Анын айтымында, экс-премьер-министр макамы артыкчылык бербегени менен келечекте саясий беделине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. "Саясий тарыхта жаман өкмөт башчы болду деген ат менен калат", - деп түшүндүрдү Канат Азиз.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 23-беренеси “Премьер-министрди кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер” деп аталат. Андагы 6-бөлүктө: “Конституцияны жана мыйзамдарды бузуу менен байланышпаган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан ишеним көрсөтпөөгө же өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланышпаган негиздер боюнча отставкага кеткен премьер-министр экс-премьер-министр макамына ээ болот”, - деп көрсөтүлөт.

Айта кетсек, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Президент бул чечимге кол коюп, өкмөттү отставкага кетирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан