Биз социалдык тармакта

Талантбек Батыралиев жаңы өкмөттүн курамына кирбей калышы мүмкүн

Талантбек БатыралиевЖаңы өкмөттүн курамына саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Талантбек Батыралиев кирбей калышы мүмкүн. Мындай пикирин SUPER.KG порталына бүгүн, 19-апрелде депутат Дастан Бекешев билдирди.

"Талантбек Батыралиевдин дарегине депутаттар тарабынан көп сындар айтылып жатканына байланыштуу ал жаңы өкмөткө кирбей калышы мүмкүн. Ошондой эле вице-премьер-министр кызматтарында өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө", - деди Бекешев.

Айта кетсек, бүгүн, 19-апрелде Сапар Исаковдун өкмөтүнө Жогорку Кеңеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, президент бул чечимди колдоп, өкмөт отставкага кеткен.

Буга чейинки өкмөттө вице-премьер-министр кызматтарында Дайыр Кенекеев, Чолпон Султанбекова жана Санжар Муканбетов иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан