Депутат: "Коалициялык көпчүлүк тарабаган учурда спикер алмашпоосу керек"

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк тарабагандыктан төрага Дастан Жумабеков өз ордунда кала берет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Бир Бол" фракциясынан депутат Улукбек Ормонов билдирди.

Анын айтымында, коалицияга фракция кошуу боюнча учурда юридикалык маселер бар болгондуктан тийиштүү комитет карап жатат.

"Коалициялык көпчүлүк тараган жок, болгону бир фракция кошулду. Ошондуктан Жогорку Кеңештин төрагасы алмашпоосу керек. Жаңыдан түзүлгөндө төраганы кайрадан шайлаш керек болот. Бир аз юридикалык маселелер бар, азыр каралып жатат. Бүгүн же эртең чечилет", - деди Ормонов.

Айта кетсек, бүгүн, 19-апрелде "Республика-Ата Журт" фракциясы коалициялык көпчүлүккө кошулду. Эми КСДП, "Кыргызстан", "Бир Бол" фракциялары "Республика-Ата Журт" менен бирге өкмөттүн курамын түзмөкчү. Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" менен "Ата Мекен" фракциялары оппозицияда кала турганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан