Эртең, 20-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Рыскелди Момбеков билдирди.
"КСДП фракциясы премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунунуштайт. Анын талапкерлигин коалиция колдойт, себеби саны боюнча көпчүлүктү түзгөн фракция сунушун бергенден кийин калган фракциялар макулдук эле берип коёт, бул алдын ала сүйлөшүлгөн нерсе. Кийин коалициянын чечими жалпы палатанын кезексиз сессиясында каралат. Мүмкүн Абылгазиев эртең эле өкмөттүн курамын түзүп, программасын жазып, кийинки жумада өкмөттүн өтпөй калган отчётун өткөрөт", - деди Момбеков.
Айта кетсек, бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, президент өкмөттү отставкага кетирген. Ошондой эле бүгүн парламенттеги КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясына "Республика-Ата Журт" кирген.