Ишенбай Кадырбеков: "Коалициянын өкмөттү өздөрү курап, кайра толугу менен ишенбөөчүлүк көрсөткөнү парламентте орду жоктугун көрсөттү"
Өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечими туура болдубу деген SUPER.KG порталынын суроосуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков төмөнкүдөй пикирин билдирди.
Анын пикиринде, Сапар Исаков жумушка келген күндүн эртеси эле башка премьер-министрлер кол коё албай жүргөн “Кумтөр” боюнча келишимге кол коюп, өлкөнү тизелетип койду. "Андан кийин өлкөнү лаборатория сыяктуу көрдү окшойт, Оксфорд жана Кембрижден бүтүп келген жаштарды тегерегине жыйып алды. Өзүнүн тажрыйбасы жок экендиги көрүнүп турду.
Мени таң калтырганы башка нерсе болду. Бүгүн биз парламенттик республика болгондон кийин бардык нерсеге коалициялык көпчүлүк жоопкер. Колунан эч нерсе келбеген жаш баланы бийликке алып келген ошол коалициялык көпчүлүк, жоопкерчилик ошолордо. Өкмөттү өздөрү курап, кайра толугу менен ишенбөөчүлүк көрсөткөнү парламентте орду жоктугун көрсөттү. Мындан кийин өкмөттү кураганга ушул үч фракциянын моралдык укугу жок.
Экинчиден, эл арасында айтылып жүргөндөй Сапар Исаков мурдагы президенттин эрке баласы болчу. Алмазбек Атамбаев курултайдан кийин берген маалымат жыйынында ЖЭБ боюнча анын күнөөсү жоктугун айтпадыбы. Эми партия лидери аны колдоп жатса, анын фракциясы каршы болуп жатат. Бул партиянын ар бир кадамына түшүнүү да кыйын болуп калды. Ошондуктан күнөөнүн баары парламенттеги коалициялык көпчүлүктө. Анткени өздөрү алып келди да. Бирок Сапар Исаков "Кумтөр" боюнча келишимге кол коюп эң чоң күнөө кылды", - деди Кадырбеков.
Эдил Байсалов, Марс Сариев, Курманкул Зулушев жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.