Өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечими туура болдубу деген SUPER.KG порталынын суроосуна "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Токторов төмөнкүдөй пикирин билдирди.
Буга чейин аталган фракция өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык" деген баа берген болчу, бирок кечээ өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин толук курамы колдоп берген. Токторов анын себептерин айтып берди.
"Биз өкмөттүн отчётун караганда 2017-жылга карата аткарылган иштерге баа бергенбиз. 2017-жылы Сапар Исаков болгону 4 ай отурду. Калган 8 айлык убакытта азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөт иш алып барган. Биз бул учурду эске алып, отчётту кабыл алганбыз. Ал эми азыркы өкмөт башчы Сапар Исаковго ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү бир добуштан колдодук", - деди Токторов.
Эдил Байсалов, Марс Сариев, Курманкул Зулушев жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.