Бакыт Бакетаев: "Кыргыз өлкөсүндө интеллектуалдуу, жайбаракат сүйлөгөн, шашпаган өкмөт башчынын күнү келе элек"

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечими туура болдубу деген SUPER.KG порталынын суроосуна саясий серепчи Бакыт Бакетаев төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Ал бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде жаштарга болгон ишеним жок экенин айтты. Анын айтымында, өкмөт башчылыкка аймактарды кыдырган адамдар келиши керек.

"Кыргыз мамлекетинде бүгүнкү күндө жаштарга ишенич жок. Сапар Исаков жакшы идеяларды чыгарып, анын механизмин иштете албай койду. Ошон үчүн бүгүнкү күнү жаңы өкмөттү кайрадан шайлашат. Кыргыз өлкөсүндө интеллектуалдуу, жайбаракат сүйлөгөн, шашпаган өкмөт башчынын күнү келе элек. Мындай адамдарды Европа өлкөсүнө шайласа болот. Ошондуктан Сапар Исаков менен Жоомарт Оторбаевдин мезгили келе элек. Мамлекет бутуна туруп калганда ойчул, интеллектуалдуу адамды премьер-министрликке алып келсе болот. Азыркы учурда Кыргыз мамлекетине бүт аймактарды "фуфайка", "кирзовый өтүк" кийип кыдырган, элет жерлерине шарт, жумуш орундарды түзүп бере ала турган өкмөт башчы керек. Галстукчан, чач жасалгасы жакшынакай, жаш, сулуу жигиттердин күнү келе элек", - дейт Бакетаев.

Ишенбай Кадырбеков, Марс Сариев, Курманкул Зулушев жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан