Курманкул Зулушев, депутат: "Парламент өлкөгө экономиканы, чарбаны түшүнгөн өкмөт керектигин көрдү"

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечими туура болдубу деген SUPER.KG порталынын суроосуна "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Ал кадр саясаты, экономикалык тармактар боюнча иш токтоп калганын айтты. "Парламент өлкөгө экономиканы, чарбаны түшүнгөн өкмөт керектигин көрдү. Ошондуктан ишенбөөчүлүк көрсөтүп, президентке сунуштадык. Президент өкмөттү отставкага кетирди. Жогорку Кеңеш туура чечим кабыл алды. Биздин өкмөт ар дайым жандуу иштеп турушу керек", - дейт Зулушев.

Эдил Байсалов, Марс Сариев, Ишенбай Кадырбеков жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан