Кыргыз өлкөсүндө Улуу Ата Мекендик согуштун 475 катышуучусу бар

Кыргыз өлкөсүндө Улуу Ата Мекендик согуштун 475 катышуучусу бар. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 475 катышуучусу жашайт. Алардын ичинен 128и ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам, 299у согуштун катышуучусу, 23ү жашы жете элек мезгилде концлагерлерде кармалганы болсо, 25и Ленинград шаарында блокадада болгондор.

Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына ай сайын жана жыл сайын республикалык бюджеттен атайын жөлөк пул төлөнөт. Алар айына 17 миң сом акча алышат, анын ичинен жеңилдиктердин ордуна берилген 7 миң сом жана өмүрүнүн аягына чейин аларга төлөнө турчу 10 миң сом стипендия. Ошону менен бирге эле ардагерлер айына 7 миң сом өлчөмүндөгү пенсия алышат.

Мындан сырткары ардагерлер жыл сайын 9-Май Жеңиш күнүн белгилөөнүн алкагында 15 миң сом өлчөмүндөгү акчалай төлөм алышат. Ал эми каза болгон ардагерлердин жубайларына, тылда эмгектенгендерге 10 миң сом өлчөмүндөгү акча төлөнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tolkun555
2018-04-20 20:52:13
1ден автомобиль бериш керек
+4
Ermekbai
2018-05-08 19:00:06
Tolkun555, машина беребиз деп эми кытайдан карыз алып ар бир машинаны 100 000$ сатып алып кыйналышпасын. Жаакшы сөздөрүн айтып жеп ичкенди токтотушса куру убаданы койсо. Ушулда чооң белек болобу эле.
+2
Shekeev969798
2018-05-09 00:18:08
Tolkun555,Менин чон атам Согушка барган!Айтканына караганда 9 жылдай жургон Корбогонду коргон Бирок азыр жок да
0
tular
2018-04-20 21:12:30
Квартира бериш керек...
+4
sakuna
2018-04-20 22:54:51
Омурлору узун болсун, ден соолукта, уул-кыздарынын, элдин сый-урматын коруп Журо беришсин. Ушу аталарыбыз бар, бизда барбызда
+2
Azat.97
2018-05-08 19:02:25
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин коргонубуз бул биз учун чон сыймык.Мурдагы жылы эле биздин айылда 9 ардагер бар болчу,быйыл жок тилекке каршы.Бар болунуздар биз сиздер менен сыймыктанабыз!!Майрамыныздар менен урматтуу кыргыз элим!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан