Бүгүн, 20-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Жогорку Кеңеште Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган жаңы өкмөттүн курамын, анын программасын колдоп 115 депутат добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок. Учурда президент Сооронбай Жээнбековдун кол коюшу күтүлүүдө.
Министрлер кабинетинин жаңы курамын парламентте кароонун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев төрага Дастан Жумабековго кайрылды. Ага бир күн мурда өкмөт башчылыктан кеткен Сапар Исаковдун телеканалдардын биринен парламентти саясий өлүк дегени себеп болду. Мындан улам эл өкүлү спикерге “кечирим суратасызбы же сотко бересизби?” деп суроо салды. Буга Жумабеков “мыйзамдын чегинде териштирүү жүрөт” деп жооп кылды.
Сапар Исаков өз сөзүндө “мен тараптан канчалык орой угулбасын, биздин парламент саясий өлүккө айланып бара жаткандай” деген. Ал мындай салыштыруусу депутаттарда принципиалдуулук жоктугунан улам келип чыкканын айтат. Мисал катары ал Жогорку Кеңештин 8 комитети, коалиция көпчүлүгүнө кирген 2 фракция өкмөттүн жылдык отчётун “канааттандырарлык” деп таап, анан бир жумага жетпей өкмөткө ишенбестик жарыяланганын келтирди. “Алдыда 1 комитет жана палата калган эле. Минтип чукул болуп кеткени мага түшүнүксүз болуп калды. Парламенттин сөзү иши менен төп келишин кааламакмын”, - дейт Исаков.
Өткөн жылдын август айынан бери иштеп жаткан Сапар Исаковдун өкмөтү отставкага кетери акыркы бир айда өлкөдө, парламентте утуру айтылып жаткан. Бирок бир саатка жетпеген убакытта кызматынан кол жууп калары берген маегине караганда Исаковдун өзүнө да күтүүсүз болгон көрүнөт. Анткен менен анын депутаттарды принципке туруктуу эмес деп сындаганы интернетте колдоо таап жатат.
Парламенттеги коалиция, бийлик башындагы КСДП фракциясы Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө менен партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүнөн чыкканын, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы менен Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган партия азыр эки башка болуп калганын көрсөттү.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосунда келишпестик жаралганы ачыкка чыга электе парламент таратылып, мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өтүшү мүмкүн деген жоромол көп айтылып жаткан. Бирок учурдагы окуялар ыргагында Жогорку Кеңеш өзүнүн позициясын бекемдеп алды. Парламентти таратып, кайра шайлоо президенттин аракетинде же Жогорку Кеңеш депутаттарынын өзүнүн чечиминде болушу мүмкүн эле. Учурда депутаттар менен өлкө президенти оңой тил табышуу менен иштешип жатат. Демек, атамбаевдик командага келерки парламенттик шайлоого жакшылап даярдануу же абалды чыңалтуу үчүн Сооронбай Жээнбековдун катачылыктарын күтүү гана калат. Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрлары катары саналып калган УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев да, кечээ өкмөт башчылык кызматтан бошотулган Сапар Исаков да маек берип, саясатта калышарын жарыялашты.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн жаңы курамына келсек, курамы жарым-жартылай өзгөргөнүнө карабастан, депутаттар тарабынан бир топ нааразычылыктарды жаратты. Буга Абылгазиев жаңы кадрларды кароого убакыт аз болгонун айтып жооп кылды.
Биринчи вице-премьер жана калган 3 вице-премьер жаңыланды. Алар: Кубатбек Боронов, Замирбек Аскаров, Жеңиш Разаков жана Алтынай Өмүрбекова. 4 министр алмашты. Алар: Ички иштер министрине Улан Исраиловдун ордуна Кашкар Жунушалиев, экономика министрине Артём Новиковдун ордуна Олег Панкратов, 2010-жылдан бери бул кызматтан кыймылдай элек Кубатбек Боронов көтөрүлгөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министрине Нурболот Мырзахмедов, саламаттыкты сактоо министрине Талантбек Батыралиевдин ордуна Космосбек Чолпонбаев. Калган министрликтердин башчыларынын милдетин аткаруучулар ордун сактап калышты. Ал эми мамлекеттик комитеттерге келсек, УКМКга Идрис Кадыркулов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине өткөн жылы кызматтан алынган Бакыт Шаршембиев, Коргоо иштери боюнча комитетине Эрлис Тердикбаев келди.
Эл өкүлү Мыктыбек Абдылдаев парламент кабыл алган кечээги ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим жалгыз эле өкмөт башчыга эмес, өкмөттүн жалпы курамына болгонун эскертти. Депутат Акылбек Жапаров “жаңы премьер-министр мурдагы өкмөттүн курамындагы министрлерге сөгүш бербей туруп, бир эле эскертүү менен жумуштан алып салса болот” деди.
Ошентип, Кыргыз мамлекетинин 27 жылдык эгемен тарыхында 30-өкмөт кызматка киришүү алдында турат. Бир түндө куралып, бир түндө программасы түзүлгөн өкмөттүн “өмүрү” канчалык узак, иши канчалык жыйынтыктуу болот?..