Эмилбек Каптагаев, саясатчы: "Премьер-министр, вице-премьерлер тууралуу айта турган болсом, чечим туура эле"

SUPER.KG порталынын өкмөттүн жаңы курамында кайсы кадрдык чечимдер туура, кайсы чечимдер ката болду деп эсептейсиз деген соболуна саясатчы Эмилбек Каптагаев пикирин билдирди.

Каптагаев премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиевдин тажрыйбасы мол экенин айтты. Ошондой эле анын жана вице-премьер-министрлердин талапкерлиги туура чечим болгонуна токтолду. "Мухаммедкалый Абылгазиев - тажрыйбасы мол киши. 5-6 жылдай Социалдык фондду жетектеген, кийин вице-премьер-министр болду. Президенттик аппараттын жетекчиси, анын орун басары катары иштеп, өзүн оор басырыктуу жетекчи катары көрсөттү. Ал эми Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда жакшы иштерди аткарган. Өзү жаны тынбаган, аракетте жүргөн киши, вице-премьер катары да жакшы кызмат кылат деп ишенем", - дейт ал.

Рита Карасартова, Рыскелди Момбеков, Сайдулла Нышанов жана башкалардын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан