SUPER.KG порталынын өкмөттүн жаңы курамында кайсы кадрдык чечимдер туура, кайсы чечимдер ката болду деп эсептейсиз деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков пикирин билдирди.
Момбеков өкмөткө эски эле жүздөр кайра келип алганын айтты.
“Жаңы өкмөттүн курамы менин купулума толгон жок. Эски министрлердин курамы эле ээрге кайра миништи жана эч нерсе көрсөтө албагандар өкмөткө келип калды. Азыр аткаруу бийлигинин курамы да, курагы да купулума толгон жок. Азыр мен "макул" деп добуш бердим, анткени каршы болгондо деле эч нерсе чечилмек эмес. Бир бирден добуш берүү болгондо мен саламаттыкты сактоо министрине, экономика министрине, айыл чарба министрине каршы болмокмун”, - деди Момбеков.
Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Сайдулла Нышанов жана башкалардын пикири төмөнкү шилтемеде.