"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов SUPER.KG порталынын өкмөттүн жаңы курамында кайсы кадрдык чечимдер туура, кайсы чечимдер ката болду деп эсептейсиз деген соболуна жооп берди.
Ал министрлерде жоопкерчилик аз болууда, чечкиндүү кадамдарга барса, эл, коомчулук колдоп алат деген пикирде.
"Бул министрлер болобу, башка министрлер болобу жоопкерчилик аз болуп жатат. Мисалы, Тогуз-Тородогу окуя боюнча премьерден башка да тийиштүү министрликтер өз убагында иштерин кылып, доклад жасаганда, мындай окуя болбойт эле. Кийин ал окуя болгондон кийин жалгыз премьер-министр күнөөлүү болуп калды. Министрлердин иштегендери азайып жатат, сүйлөсө билгендей көрүнөт, иш жүзүндө жасабайт. Жетекчилердин өзгөчөлүгү, чечимдерди тез, өз убагында кабыл алганында экен. Маселелерди узартып жибергенде нааразычылык күчөп кетүүдө. Бюджет чектелүү болгондон кийин кээде өкмөт чече албаган маселелер болот, ошол убакта себебин ачык айтса, нааразычылык аз болмок, эл түшүнмөк. Бирок беш жылдын ичинде өлкөдө жылыштар болду, жолдор оңдолду, мектептер салынды, ушул темпте кетсек алдыңкы беш жылда да жылыштар болот", - деди Нышанов.
Бахадыр Сулейманов, Рыскелди Момбеков, Эмилбек Каптаев жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.