Бүгүн, 22-апрелде Арменияда экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы акция өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акция учурунда полиция 200гө жакын адамды кармап кетти. "Кармалгандардын арасында оппозициянын депутаттары дагы бар. Серж Саргсян оппозициялык кыймылдын лидери Николой Пашинян менен жолукту. Бирок жолугушуу 3 мүнөткө чейин эле созулган. Пашинян премьер-министрдин отставкасы тууралуу сүйлөшүү үчүн келгенин айтты. Премьер-министр бул диалог эмес, ультиматум экенин билдирди. Пашинян Армениянын бийлиги элдин колуна өткөнүн белгиледи. Ал учурда Серж Саргсян кетип калды", - деп жазылган.
Айта кетсек, Арменияда 2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө жарым-жартылай президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган. Өлкөнүн парламенти шайлаган президент Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен. Нааразычылык акциясы ошондон тарта уланууда.