Жогорку Кеңештин комитети мектепке окуучуларга смартфон алып келүүгө тыюу салган токтом долбоорун карайт

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети мектеп окуучуларына кыска юбка, макияж, жыртык жынсы, смартфон менен сабакка кирүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Токтом долбоордо кыска юбкалар, көзгө урунган макияждар жана узун тырмактуу маникюрлар менен окуучу кыздарды сабакка кирүүгө тыюу салуу киргизилсин деп жазылган. Ал эми балдарга жыртык жынсы, футболкалар менен сабакка кирүүгө тыюу салуу сунушталган. Демилгечиси - "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова.

“Чалуулар, жооптор, sms” деген функциялуу, бирок интернет-модулдар, ошондой эле фото жана видеокамералар менен жабдылбаган мобилдик телефондорду кошпогондо, менчик формаларына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын аймактарында мектеп окуучулары тарабынан мобилдик телефондорду же түзүлүштөрдү пайдаланууга тыюу салуу киргизилсин. Мектептин аймагына кирүүдө жоопкерчиликти сактоого мобилдик телефондорду берүүгө жол берилет. Телефондун сакталышы үчүн жоопкерчилик анын ээсине, ата-энелерине, ээсинин мыйзамдуу өкүлдөрүнө гана тиешелүү болору белгиленсин”, - деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fanatkg
2018-04-23 10:24:45
Эң жакшы мыйзам долбоору.
+3
tular
2018-04-23 10:52:42
Эн сонун иш экен! Эми ушул иш аягына чейин чыгып колдоо тапса экен!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан