Арменияда акцияга чыккандар Грузия менен байланыштырган жолду жаап алышты

Арменияда экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы чыккандар Грузия менен байланыштырган жолду жаап алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жолдун жабылганына байланыштуу Армениянын Баграташен, Грузиянын Садахло бажы өткөрүү бекетинен өтүүчү эл ташыган автобустардын, жеңил жана оор жүк ташуучу унаалардын каттамы үзгүлтүккө учураган.

Эске салсак, Арменияда бир аптадан бери мурунку мамлекет башчысы Серж Саргсяндын премьер-министр болуп келишине каршы болгон эл нааразычылык билдирип, толкундоолор пайда болгон. Натыйжада кечээ, 22-апрелде тартип сакчылары 200дөн ашык акциянын катышуучуларын кармап кеткен, арасында депутаттар бар экени да ырасталган.

Армениянын премьер-министри нааразычылык акциялары күч алган соң отставкага кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aza84
2018-04-23 08:56:38
Негизи дуйнодо тынчтык эле болсун
+2
kyrgyzsaram
2018-04-23 10:14:27
Президенттик мооноту буткондо пример министр болуп башкара турган мыйзамды аран ишке ашырганда деп болбой когоруп жататда. Кайран гана Серж Саргсян. Ашанын дагы аталык болуп башкарам деген планы ишке ашпай калды окшойт.
+1
Jelezo
2018-04-23 11:28:07
Кыргыздар бир эле күндө алып коймок
+3
iryi1
2018-04-23 11:40:48
Революция болуп кетсе, Россия туздон туз кийлигишет.
+1
tursunbaev78
2018-04-23 17:38:45
iryi1,сага айттыбы
0
tursunbaev78
2018-04-23 12:41:50
АШАнын планы
+1
Zainidin96
2018-04-23 12:46:16
Армения кочуп барыптыр го митингге
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан