Техастын тургуну тамак уурдаганы үчүн 50 жылга эркинен ажыратылды

АКШнын Техас штатынын тургуну 1 миллион долларга тамак уурдаганы үчүн 50 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Гильберто Эскамильи Техастагы жашы жете электер департаментинин кызматкери болгон. Ал 10 жыл бою жумуш берүүчүнүн атынан мексикалыктардын фахита тамагын дүңүнөн буюртма менен алдыртып жүргөн. Жыйынтыгында анын карызы 1 миллион доллардан ашып кеткен.

Окуянын бети Гильберто Эскамильи ооруканага кеткен күнү ачылган. Анда тамак жеткирүүчү жайдан департаментке чалып, 363 килограмм фахита буюртмасы кабыл алынганын айткан. Департаменттин кызматкери таң калуу менен эч кандай буюртма бербегенин билдирген. Ал эми тамак даярдоочу жайдын ташуучусу 10 жылдан бери аталган департаментке дал ушул тамакты ташып жүргөнүн айткан.

Гильберто Эскамильи сурак учурунда "башынан эле өзүмчүлдүк кылдым. Мен өзүмдү башкара албай калган чекке жетип калгам" деп айткан. Ал бул кылыгынан кийин дароо иштен айдалган жана мамлекеттик кызматта иштегени үчүн 50 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
RNA78
2018-04-23 11:39:30
Фахита тамак жеткирүү кызматына таң калдым, 10 жыл бою насыяга тамак бере берсе?
+7
Jelezo
2018-04-23 11:40:03
Бизге Техастын сотторунан алып келиш керек экенго
+13
Atas
2018-04-23 11:49:09
50 дегени омур боюу да
+7
aza84
2018-04-23 11:52:11
Шумдуко тамак урдаган учун ушунча кесилсе соз жок
+10
Zainidin96
2018-04-23 11:57:08
Биздин сотторго уйротуп коюш керек экен кантип соттошту
+6
Nurik1988
2018-04-23 12:48:08
Биздин соттор ууруларды актап кунозуздорду камап жиберет
+10
Gulnyr19
2018-04-23 14:25:37
Биздикилер ошондо канча миң жылга камалат???
+6
Janna07
2018-04-23 20:44:24
Техаска барып тамак жаздырып жеш керек экен
+3
barsbegKG
2018-04-24 03:37:12
Биздин эшек мээ сотторго үйрөтүш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан