Шаардык кеңештин депутаты курулуш компаниялары кантип элди алдашы мүмкүн экенин айтып берди

Бишкек шаарындагы ижарага берилип жаткан жерлерди аукциондук негизде сатуу маселеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Канатбек Мүзүралиев билдирди.

Депутаттын айтымында, Жогорку Кеңеште Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жерлер ижарага берилгени айтылганы менен, так кайсы жерлер экен айтылган эмес. Ижарага алып, ал жерге үй куруп сатып жиберген курулуш компаниялары бар, ошол себептен ижарага берүүнүн ордуна аукциондук негизде сатуу маселеси көтөрүлүп жатат.

"Бишкек шаары ижарага берген жерлер 5 жылдык мөөнөттө берилип жатат, муну иликтей келсек, мыйзамдуу болуп чыгат. Менин көтөргөн маселем: эмне себептен ал жерлер бекер колдонулуп жатат? Эл да ошол себептен "жерлерди оңду-солду таратып жатасыңар" деп сындоодо.

Дагы бир маселе: элди курулуш компаниялары алдап кетүүдө. Алар жерди ижарага алып, көп кабаттуу үйлөрдү салып, "бул биздин жер" деп алдап үйлөрдү сатып жиберишүүдө. Эл муну билбегендиктен ал үйлөрдү алып алат. Ортодон 2-3 жыл өтөт, ижарага акысы төлөнбөй калганда мэрия кызматкерлери барат да "силердин бул жериңер ижарада, каалаган убакта бул жерди мэрия алып коюшу мүмкүн" деп билдирет. Ошондо түшүнбөстүктөр пайда болот да, эл сотко кайрылат. Сот "мөөнөтү өтүп кетиптир" деп иш козгобойт. Мына ушундай чырмалышкан маселелер жаралат. Ушул маселелердин алдын алуу үчүн Жер кодексине өзгөртүү киргизүү иши көтөрүлүүдө.

Биринчи вице-мэрдин айтымында, Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом Жогорку Кеңештин 2-окуусунда турат. Жогорку Кеңеш токтомду колдоп берсе, жер тилкелери ижарага берүүнүн ордуна аукциондук негизде сатылат. Курулуш компаниялары да учурда "саткыла биз алалы" деп жатышат", - деди Мүзүралиев.

Айта кетсек, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" оппозициялык фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчётун карап жатканда, "Республика-Ата Журттан" депутат Акылбек Жамангулов Бишкектеги 84 гектар жер тилкеси коммерциялык максатта сатылып кеткенин айткан. "Бишкек шаардык мэриясы акыркы 2 жылда 84 гектар жер тилкесин 5 жылдык мөөнөт менен капиталдык курулуштарга берип салыптыр. Бир сом мамлекеттик бюджетке түшкөн жок. Ошол эле учурда жеке ишкерлер мамлекеттик социалдык объектилер эмес, бүт сатыла турган имараттарды куруп, сатып жатышат", - деген Жамангулов.

17-апрелде Жогорку Кеңеште Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов анын тушунда ижарага алты гектар тилкеси берилгенин билдирген. Ал калган жерлер мурдагы шаар бийлигинин учурунда таратылып кеткенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nargiz-sa
2018-04-23 13:18:16
Мэр дубана кейпин кийип эл аралап журсо керек да жыйынга келбегенине караганда
+6
aiba.8327
2018-04-23 13:19:15
Ии ошонтип суудан кургак чыга бергиле бири бирине шылтап ортодо карапайым элди кыйнап мыйзам иштейби деги биздин олкодо канча жыл болду деги ушундай баш аламандык даны конуштарда мындан да баш аламандык ....
+6
Arlenchik
2018-04-23 13:38:07
Омуркуловду дагы кармап жегенин мамлекетке кайтарып, озун жоопко тартуу керек, далай жерлерди саткан нака коррупционер.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан