Бишкектеги 80 бала бакчага тамак-ашты жакшыртуу боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Балдар менен өспүрүмдөрдүн гигиенасы менен ооруларды алдын алуу маселесин караган санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Мария Кушубакова маалымат жыйында билдирди.
"Быйыл борбордогу 80 бала бакчага тамак-ашты жакшыртуу боюнча эскертүү берилди. Ошондой эле 121 мектептин ичинен 49 мектепте тамак-аш даярдоого ылайыктуу шарт жок экендиги аныкталды. Ал эми 2017-жылы 74 мектепке санитардык абал боюнча эскертүү берилсе, 43 бала бакчага айып пул салынып, дагы 3 мектептин иши убактылуу токтотулган. Ал бала бакчаларда берилген тамак-ашта белок, май жана углевод аз экени аныкталган", - деди ал.
Ошондой эле учурда өлкө аймагы боюнча 4 миң 260 мектеп жана бала бакча текшерүүгө алына турганын кошумчалады.
"Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакча жана мектептерде шарттар салыштырмалуу жакшы. Ал эми алыскы аймактарда, тактап айтканда, райондордогу шарттар санитардык талаптарга жооп бербейт. Анын жыйынтыгында балдар зыян тартууда", - деди ал.