Жогорку Кеңештин комитетинде социалдык объекттерди суу үчүн төлөмдөрдөн бошотуу сунушталууда

Мамлекеттик социалдык объекттерди суу үчүн акы алууну жокко чыгаруу сунушталууда. Буга байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралууда. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, мыйзам долбоору ишке ашса, мектеп, бала бакча, ооруканалар суу үчүн акы төлөөдөн бошотулат.

"Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык, суу товар катары эсептелинип пайдалануудан акы алуу көрсөтүлгөн. Бирок суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалануудан акы алуунун тартиби жана жеңилдиктер аныкталган эмес. Ошондуктан өлкөбүздүн социалдык абалын эске алып жаратылыш коруктарын, ботаникалык бактар, парктар, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелерди суу пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотуу сунушталып жатат. Анткени сууну товар катары сатуу үчүн алгач мамлекеттик мекемелерди мыйзам аркылуу бошотуп алуу зарылчылыгы пайда болду. Анткени бул механизм бизде биринчи жолу иштелип чыгууда. Бул мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин башка мыйзам долбоорун киргизип, коммерциялык ишканаларга суу үчүн акы төлөөгө милдеттендиребиз", - деди Мурашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан