Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев спикердин атына комитеттин башчылык ыйгарым укуктарын токтото тургандыгы тууралуу кат жолдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамга ылайык, Бюджет жана финансы боюнча комитетти парламенттеги оппозициянын өкүлү жетектөөгө тийиш.
"Жакында "Республика-Ата Журт" фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына кирди. Мен фракциянын мүчөсү болгондуктан өз ыйгарым укуктарымды тапшыруу чечимине келдим", - дейт Тиллаев.