Бишкектеги менчик бала бакчаларды текшерүүгө мыйзам тыюу салууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелдеги маалымат жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтуусуна караганда, ишкердик жөнүндөгү мыйзамга 2015-жылы толуктоолор киргизилген. Ага ылайык, менчик бала бакчалар жана менчик медициналык мекемелер салыктан толугу менен бошотулган.
"Ишкерлерди колдоого алган өзгөртүүлөргө ылайык, учурда мамлекет менчик бала бакчаларга текшерүү жүргүзө албай жатат. Анткени мыйзам тыюу салууда. Бул үчүн текшерүүчү мекеме алгач Билим берүү жана илим министрлигинен уруксат алуусу абзел. Андан кийин бала бакчага кайрылуу жолдоп, макулдук алуусу шарт. Мыйзам чегинде текшерүү жүргөнчө мекеме жасалма даярдык көрө коёт. Ошентип кагаз жүзүндө баары жакшы, ал эми иш жүзүнө келгенде көйгөйлөр өзгөрүүсүз калууда", - дейт эл өкүлү.
Ошондой эле учурда Жогорку Кеңеште аталган маселе боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатканын кошумчалады.
"Ишкерлерди колдоо керек. Бирок азыр салыктан бошотконубуз менен анын жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө эч кандай көзөмөл жок. Эки тарап тең жапа тартпай турган мыйзам кабыл алуу керек", - деди Никитенко.