Жогорку Сот журналистке экс-президент Атамбаевге миллиондогон сомду бөлүп төлөөгө тыюу салган чечимди жокко чыгарды

Жогорку Cот журналист Дина Масловага салынган айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн кайрадан карап чыгууга биринчи инстанцияга жиберди.

Маалым болгондой, 23-апрелде Жогорку Сот бул ишти карап, Октябрь райондук сотунун чечимин жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарды.

Айта кетсек, 2017-жылы Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон. Октябрь райондук жана шаардык соттор доо арызды канааттандырышкан, ал эми бул миллиондогон сомдук компенсацияны бөлүп төлөө боюнча өтүнүчтөрдү четке кагышкан.

4 күн мурун 19-апрелде Жогорку Cот мурдагы депутат Чолпон Жакуповага салынган 3 миллион сом айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн кайрадан карап чыгууга биринчи инстанцияга жиберген. Журналист Нарын Айыптын өтүнүчүн Жогорку Сот 3-майда карамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
nemo2016
2018-04-23 17:25:51
Атамбаев сага соз жок ушунча акчаларды эмне кыласын
+17
keba300989
2018-04-23 17:35:33
Сооронбай Женбеков Атамбаевке каршы экенин ушундан байкасак болот Презитентибизди колдойлу туугандар.
+20
i1urp
2018-04-23 17:35:57
Атамбаев сизди колдойбуз.
-51
Paol
2018-04-23 19:12:20
i1urp,айнып пайнып калгансыз го си3!!
+16
Lilireinhart18
2018-04-24 09:37:26
Paol,атамбаев ушул окшойт
+3
Jelezo
2018-04-23 19:53:30
i1urp,бүгүн бирди көрөсүн
+14
nurbekasr
2018-04-24 10:10:55
i1urp,Атамбаевди катыны эле колдобосо эч ким колдобойт.Үнүн өзүн уккубуз көргүбүз келбейт.Атамбайыптын эпохасы бүттү,сот иштерин баштоо керек өзүнө карата.Президент болуп туруп куөаган самолёттун ээси ким экенин эмне үчүн айтбайт.Значить ушунун жүгү болгон
+2
i1urp
2018-04-23 17:39:45
Соке Атамбаевдин аркасы менен президент болду. Эми миндин "ит семирсе ээсин кабат", - болуп калды окшойт.
-39
PROS
2018-04-23 18:26:55
i1urp,аша текебаевдин арты менен бийлигин чыңдаган. Ошондо ким семирип кимди капты? )))
+27
bayhan
2018-04-23 17:43:25
Жогорку сот адилеттүү чечим чыгарыптыр, Ашанын оюну бүттү.
+21
bayhan
2018-04-23 17:49:01
Азыр Аша болгондо жогорку сот чечимди күчүндө калтырмак,Соке молодец.
+23
yrmat88
2018-04-23 17:50:28
Ким кимди сатып кетет эл акыры озу таразалайт. Мен лично Атамбаев Сокени колдогон учун гана добушумду бергем. Сапарды колдош керек болчу.
-23
zhaku2017
2018-04-23 18:04:40
АША Сокени бооруна котором деп, озу боорго жеди окшойт. Бооруна которсо, боорго тебет деген кыргыздын чын созу.
-20
altyn7776
2018-04-23 18:07:12
5 миллион доллар кетирип уй салган АТамбаев журналисттин акчасын эмне кылат экен?Эли ар мамлекетте чачылып, Кытайга эле 2 миллиард акча карыз болуп турганда бул шумпай дагы 70 миллион сомго резиленцияга дача салды. Жеген тамагына чакап олсон экен...
+14
akyn
2018-04-23 21:21:38
сотторда кун карама болуп олуптурда! !!туштон мурун бир чечим, туштон кийин бир чечим! !!
-5
Nursbaike
2018-04-23 21:23:27
Соке жаны жащоо баштады моллдец ушундай кетсе экен . Элдин баары карап сындап турган Сокени журуш жакшы болду ийгилик атабызга
+9
NURSAPAR
2018-04-23 23:36:14
Атаң гөрү..... АШАда ыйман нысап жок экен да. Уялбай, толук бер деп. Жетишпей жашап жаткан окшойт байкуш. ...
+6
Mikra
2018-04-24 07:57:21
Ашанар Текебаевдин артынан президент болгон.ээсин ушу Ашанар капты.Жеенбековду мен Ашанар жок эле озум шайлагам.Ашанар аша чаап кетти.кууп чыгыш керек алкашты.Ал эми Сооронбай Жеенбековго акжол ийгилик каалайлы.жакшы иштеп жатат Кудай деген киши бул эн жонокой.сотторду алмашты 200мин долларлап жеп жургон.ашанын командасын туп тамыры менен жок кылып саясатчылар менен достошсо дейм.мисалы Ата мекен партиясы менен.Текебаев менен.Текебаев менен С Жапаровду бошотунуз эми.умутубуз чоон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан