2019-жылдын январь айынан тартып өлкө аймагында уулуу заттардын көлөмү жогорураак К2, К3 класстагы күйүүчү майларын сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда. Бул багыттагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 23-апрелдеги отурумунда 3-окууда каралды.
Мыйзам долбоору боюнча Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов баяндама жасады. Анын айтымында, бул экологиялык класстагы күйүүчү майлардан дем алуу органдарына зыян келтирүүчү химиялык сера газы көбүрөөк чыгат. Анын кесепети дем алуу органдарын бара-бара рак илдетине чалдыгышын шарттайт. "Ошондуктан бензиндин К4, К5 категориясына өтүү жагы сунушталууда", - деди Рустамов.
Комитет төрагасы Айтмамат Назаров мыйзам долбоору боюнча жергиликтүү күйүүчү май өндүрүүчү эки ишканадан жана президенттин парламенттеги өкүлүнөн кат келип түшкөнүн эскертти. "Алар бул мыйзам долбоору ишке ашкандан кийин 2 миңдей адам жумушсуз калат, 2,3 миллиард сом бюджетке түшпөй каларын айтып, мыйзам долбоорун кайра карап чыгууну өтүнүп жатышат", - деди Назаров.
Абдыкалык Рустамов ансыз деле чет өлкөдөн уулуу заттардын көлөмү азыраак К4, К5 категориясындагы күйүүчү майлар кирип жатканын айтты. "Бул мыйзам долбоорун кабыл албасак да 2019-жылдын 12-августунда ЕАЭБдин техникалык регламенти күчүнө кирет. Биз ошого гана шайкеш келтирип жатабыз. Ансыз деле Кыргыз мамлекетине К1, К2, К3 кирбей калган. 2018-жылдын башынан бери К4, К5 алынып кирүүдө", - деди Рустамов.
Анын айтымында, чет өлкөдөн ташылып келип жаткан күйүүчү майлардын 80 пайызы Орусиядан, 10 пайызы Казакстандан ташылып келинсе, 10 пайызы жергиликтүү күйүүчү май өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылат.
Бирок президент менен өкмөттүк аппараттарынын ортосунда мыйзам долбоору боюнча орток пикир табылганга чейин маселени күн тартибинен алып туруу чечимин кабыл алышты.