Ырчы Айжан Газиева премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы эмес. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Айрым маалымат булактарда ырчы Айжан Газиева премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы деп айтылып жүрөт, бул чындыкка дал келбей турган маалымат. Айжан Газиева өкмөт башчынын бир тууган агасынын кызы", - дешти мекемеден.
Айта кетсек, 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп дайындалган. Анын 2 уулу жана 2 кызы бар.