Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин комитети мектеп окуучуларына кыска юбка, макияж, жыртык жынсы, смартфон менен сабакка кирүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун карады. Бул тууралуу демилгечи депутат Махабат Мавлянова билдирди.
"Бүгүн Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети бул долбоорду талкуулады. Демилгеге макул болгондор да, каршы болгондор да болду. Талкуудан кийин бир ай бул долдоорду коомчулук, Билим берүү жана илим министрлиги менен кайра иштеп чыгуу чечимине келдик. Токтом иштеши үчүн ыңгайлуу, жеткиликтүү болушу керек. Бул үчүн бизге бир ай убакыт берилди", - деди Мавлянова.