Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү жана өлкөнүн административдик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешмеде вице-премьер-министрлер жоопкер болгон негизги багыттарды белгиледи.
Тактап айтканда, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов инвестиция, агроөнөр жай комплекси, реалдуу тармак, аймактык өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөйт.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын ишин, чек ара кызматташтыгы, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы интеграция маселелерин көзөмөлдөйт.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн социалдык блогун көзөмөлдөйт.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров финансы-экономикалык жана фискалдык саясат маселелерине жоопкерчилик алат.