Албек Ибраимовдун Бишкектин мэри катары ишин кандай баалайсыз деген SUPER.KG порталынын суроосуна Шаардык кеңештин КСДП фракциясынан депутат Лев Васильев төмөнкүдөй пикирин билдирди.
"Шаар - бул эң татаал чарба механизми, анда күн сайын чече турган миңдеген маселе бар. Менин оюмча, Албек Ибраимов бул маселелерди жакшы билген жөнөкөй адам. Анын көйгөйлөрдү иретке салууга аракет кылып жатканын жогору баалайм.
Мындан тышкары ар бир көйгөйдү чечүүгө каражат керек эмеспи. Ибраимов шаардык бюджетте каражат жетишсиз болуп жатса да, мүмкүн болушунча шаар үчүн көбүрөөк пайдалуу иштерди жасоого аракеттенүүдө. Ошол эле учурда шаардыктардын сын-пикирлери туура, анткени айрым учурларда административдик мүчүлүштүктөр орун алат, эми бул жашоо да. Жалпысынан айтканда, Ибраимов мэриянын бюджетинде болгон каражатка колунан келишинче жакшы иштерди жасоодо", - дейт Васильев.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Алмаз Кененбаев, Рысбай Аматов, Канатбек Мүзүралиев жана жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.