Албек Ибраимовдун Бишкектин мэри катары ишин кандай баалайсыз деген SUPER.KG порталынын суроосуна шаардык кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Канатбек Мүзүралиев төмөнкүдөй пикирин билдирди.
Ал мэрдин кымбат баалуу көчөттөрдүн алынышында күнөөсү жок экенин айтканына нааразы болгонун айтты. "Май айында мэрдин отчётун карайбыз. Мэр маалымат жыйын берип жатып, "кымбат баалуу көчөттөрдүн алынышында менин күнөөм, колум жок" деп айтканына нааразы болдум. Ал бүгүнкү күндө шаардын мэри болуп жаткандан кийин өзүнө тийиштүү бардык тармактарга жооптуу болушу зарыл. Анын "менин колум жок деп кутулуп кетем" деген ою болбошу керек. Анткени жетекчилердин баары шаар мэри аркылуу дайындалат. Ошондуктан мэр буга түздөн-түз жооптуу.
Мэрдин тазалык боюнча Бишкекте жасалган жумуштарда жылыш бар. Анткени шаардагы эки жыл мурунку тазалык менен азыркы тазалыктын айырмасы бар. Мурда урналар тазаланбай калчу, азыр бул жумуштар күнү-түнү жүргүзүлүп жатат. Бул тармакка нааразы болгондор да бар, бирок салыштыруу иретинде тазалык боюнча шаарда жылыштар болду", - деген пикирде Мүзүралиев.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Алмаз Кененбаев, Лев Васильев, Рысбай Аматов жана жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.