Бишкекте канаттууларга уя жасоо боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды

Бишкекте канаттууларга уя жасоо боюнча сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Сынактын жеңүүчүсү Бишкек шаарынын Мелис аттуу тургуну болду. Ал небереси менен биргеликте канаттууларга мунара сымал уя жасаган. Мелис мырзанын эмгеги 155 добуш топтоп, жеңүүчү деп табылган. Эмгеги мыкты деп табылган катышуучуларга Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан "Дельфин" шаардык бассейнине 1 айга абонемент жана башка белектер ыйгарылды.

Ал эми сынактын катышуучулары жасаган бардык уялар "Жаштар" паркына орнотулду.

Белгилей кетсек, аталган сынак 1 ай мурда старт алган. Иш-чара 1-апрель - Канаттуулардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан